9-январда Токмокто 2 адам жол кырсыгынан оор жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдады. Нива үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу алдында кетип бара жаткан унааны сүзүп алган. Жол кырсыгына кабылган эки айдоочу кырсык болор замат жакын жайгашкан ооруканага жеткирилди. Аталган кырсык боюнча тергөө иштери башталганын кошумчалайт облустук ИИББдин басма сөз кызматы.