Папан айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери "мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирген" деп шектелишүүдө

Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери "мамлекетке 1 миллион 250 миң сом зыян келтирген" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Папан айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери айылдык кеңешке таандык эски имаратты сатуу үчүн мыйзамсыз түрдө аукцион өткөрүшкөн. Аукциондун жыйынтыгында Р.А. аттуу айым 450 миң сом сунуштап, аукциондун жеңүүчүсү аталган. Ал эми көз карандысыз комиссиянын текшерүүсүнөн өткөн соң, аталган имарат 1 миллион 700 миң сомго бааланары белгилүү болгон.

Аталган окуя боюнча, Ош облустук прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
meerim8793
2014-05-13 12:45:17
Рада эжего.
0
Abdyrawit
2014-05-13 13:15:15
хы Сат сат жана сата бер бир кызыкка бата бер!
1 млн.700 мин эч нерсе эмес да.башкалар имарат эмес малекетти бутундой сатып жатышатго.Элдин козу кор дейсинерби?Чын чынына келгенде ошол териштирип жаткан адамдын озун текшере турган болсо.анда Р.А дан биринчи темир торго озу кетет.
аттин кылам кыргызстанда мыйзамдын тепселенгенине
0
maisalbek.kg
2014-05-13 13:31:53
сатсада жесе да баары бир гор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан