Нарын жана Ысык-Көлдөгү Юстиция башкармалыгы студенттер жана согуш ардагерлерине Ачык эшик күнүн өткөрдү

Нарын жана Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы студенттер жана согуштун ардагерлерине арналган Ачык эшик күнүн өткөрдү. Бул тууралуу кечээ, 12-майда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чара 2014-жыл - Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына, Конституция күнүнө жана Жеңиш күнүнө карата уюштурулду.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ысык-Көл облустук күрөө каттоо кеңсеси тарабынан Ж.Алышпаев атындагы Кооперация институтунун жана Нарын юридикалык колледжинин студенттери, Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун ардагерлери чакырылды. Аларга жарандардын укуктары, эркиндиктери тууралуу кеңири маалымат берилип, жаштарды патриоттуулукка чакыруу үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин акыл-насааттары, кеп-кеңештери айтылды. 

Ошондой эле юстиция органдарынын ишмердүүлүгү, алардын аткарып жаткан кызматтары жана милдеттери, күрөөнү каттоо кеңсесинин иштери боюнча кеңири тааныштыруу, студенттерди юстиция органдары тарабынан укуктук пропаганда, укуктук маданиятты көтөрүү жана күрөөгө коюлуучу кыймылдуу мүлктөрдү каттоо жаатында жүргүзүп жаткан иш-чараларга жигердүү катыштырууну көздөөдө.

Мындан сырткары согуштун ардагерлерине түшкү тамак уюштурулуп, сый-урмат көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан