Түштүк Корея "Севоль" кеме кырсыгынан кийин жоголгондорду издөө иштерин кайрадан баштайт

Түштүк Кореядагы "Севоль" кеме кырсыгынан кийин жоголгондорду издөө иштери кайрадан башталат. Буга чейин 10-майда аба ырайынын катаал шарттарынан улам издөө иштери убактылуу токтотулган эле. Бул тууралуу 13-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Маалым болгондой, бүгүн 16 куткаруучу суу алдына түшүп, бирок каза болгондордун сөөктөрүн таба алышкан эмес. Мындан улам "маркумдардын денелерин суу кырсык болгон жерден агызып кетиши мүмкүн" деген божомолдор айтылууда. Азыркы тапта 29 жүргүнчү дайынсыз жоголгон деп изделүүдө.

Эске салсак, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери.

18-апрелде окуучуларды кемеде коштоп жүргөн мектептин директорунун орун басары Кан Мин Гю бул окуяга өзүн күнөөлүү сезип, спортзалда асынып алган эле. Ал эми 19-апрель күнү кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз  милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынды. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган. 

Ошондой эле 27-апрелде Түштүк Кореядагы кеменин кыйрашына байланыштуу өкмөт башчы Чон Хон Вон отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан