"Донецк Республикасы" Орусиянын курамына кошулууну суранууда

http://content.adfox.ru/transparent.gif

“Донецк Элдик Республикасы” 11-майда өткөн референдумдун жыйынтыгы менен өзүн көз карандысыз аймак катары жарыялады. Ал эми анын жыйынтыгы менен Донецк Орусиянын курамына кошулууну суранып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Орусиянын маалымат булактары жарыялашты. 

“Донецк Элдик Республикасынын” лидерлеринин бири Денис Пушилин маалымат жыйында: "Донецк Элдик Республикасынын" эли 2014-жылдын 11-майындагы референдумдун жыйынтыгына жана "Донецк Элдик Республикасынын" суверенитети жөнүндөгү декларацияга таянып, "Донецк Элдик Республикасы" мындан ары көз карандысыз мамлекет экенин жарыялайбыз. Тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында Орусиядан "Донецк Элдик Республикасынын" Орусия Федерациясынын курамына кошулуусу жөнүндө маселени карап көрүүнү суранабыз”,- деп билдирүү тартты. 

Эске салсак, 2014-жылдын 11-майында Донецкте өткөн референдумда көз карандысыздык аймак үчүн шайлоочулардын 89,7 пайызы добуш бергени айтылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан