Ошто бүгүн, 13-майда киши колдуу болуп көз жумган
Жеңишбек Сайдиевдин өлүмү жана козголгон кылмыш ишинин жүрүшү боюнча маалымат жыйыны өттү.
Анда Жеңишбек Сайдиевди жакын айылдашы Таалайбек Нуруев буюртма менен өлтүрткөнү аныкталып, окуяга маркум Жеңишбек менен айылдашынын ортосунда 2001-жылдан бери келе жаткан чыры себеп болгону айтылды. Ошондой эле кылмыш Таалай Нуриев өкүл баласы И.Султанов экөөнүн жасаган иши экени аныкталганы жана алардын 9-май күнү Бишкек шаарында мейманкана катары берилүүчү батирдин биринде жашынып жатышкан жеринен кармалганы белгилүү болду. Орусиянын жарандыгын алган 1971-жылы туулган Таалайбек Нуриев жана КРнын жараны, 1982-жылкы Исламбек Султанов кылмышка шектүү катары колго түшүрүлгөн.
Алардын берген көрсөтмөсү боюнча Ош шаарынын Черёмушка кичи районунун Ш.Руставели көчөсүндө жайгашкан №5-үйүнүн жанынан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү S 92-61 X мамлекеттик номерлүү автоунаа табылган.
Тинтүү учурунда калпактын бир бөлүгү жана колдун манжаларынын издери байкалган. Алар 10-май күнү Ош шаарына алынып келинип, кылмышка шектүү катары КРнын Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде камакка алынышкан. Учурда тергөө иштери уланууда.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча өткөн жыйынга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ашым Тагаев, аталган башкармалыктын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн жетекчиси Шермамат Азизов жана ИИМдин өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Майлыбаев катышты.
Эске салсак, 30-апрель күнү болжол менен саат 15:17 чамасында азиат улутундагы 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз адам Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынан жеке ишкер Жеңишбек Сайдиевге аңчылык мылтыгынан эки ирет ок атып качып кеткен. Алган жараатынан улам Жеңишбек Сайдиев 1-майда ооруканада көз жумган болчу.