Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын республикалык бюджетинин колдонулушу боюнча отчётту бекитүү” жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 13-майда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
2014-жылдын 27-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга ылайык, республикалык бюджеттин отчётунда 2012-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 77 миллиард 601 миллион 53 миң сомду, чыгаша бөлүгү 97 миллиард 836 миллион 659 600 сомду түзгөн.
Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.