Бишкектин Тыналиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлүгү коопсуздук үчүн бузулду. Муну бүгүн, 13-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Үй жогорку чыңалуудагы электр чубалгысынын астына туш келгендиктен, кооптуу деп эсептелери айтылат маалыматта. 11-майда Жеке турак жай куруу департаменти үй ээсинин макулдугу менен курулуштун бир тарабын сүрдүрдү. Кожоюнга электр энергиясы боюнча коопсуздукту сактоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.