Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлнара Жамгырчиева менен Эркингүл Иманкожоева бүгүн, 13-майда Ысык-Көл облусундагы согуш ардагерлерин өтүп кеткен Жеңиш майрамы менен куттукташып, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан бөлүнгөн акчага алынган азык-түлүктөрдү тапшырышты.
Иш-чара бүгүн түштөн кийин Тоң районунда улантыларын ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 14-майда депутаттар Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорундагы жашоочулар менен жолугушуп, алардын көйгөйүн угушмакчы.