Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттин эгемендигинин 50 жылдыгына карата "Бишкек шаарын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн моделинин долбоор-концепциясы" аталышында ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу кечээ, 12-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынак шаар куруу боюнча инженерлердин, архитекторлордун Бишкекте өтүүчү VI Курултайы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлер жана архитекторлор кеңеши тарабынан өткөрүлүүдө.
“Курултайдын аткаруу комитети тарабынан 2040-жылы белгиленүүчү КРнын эгемендүүлүгүнүн 50 жылдыгына карата Бишкек шаарын пландуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында аталган сынакты өткөрүү чечими кабыл алынды. Сынактын жыйынтыгы менен Бишкек шаарында шаар курууну 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча алдынкы идеяларды жана долбоорлорду алуу күтүлүүдө",- деп белгилейт басма сөз кызматы.
Сынакты өткөрүү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлер жана архитекторлор кеңеши тарабынан каржыланууда. Керектүү маалыматтар жана документтер Бишкек шаарынын мэриясы аркылуу берилмекчи. Шарттары Түркия Республикасынын Экология жана шаар куруу министрлигинин техникалык колдоосу менен түзүлдү.
Ал эми жыйынтыктар 2014-жылдын 3-сентябрында жарыяланмакчы.