Нигерия. Экстремисттер уурдаган 200дөн ашуун кызды кармалган тарапташтарына алмаштыруу боюнча талап коюшту

Нигериядагы “Боко харам” экстремисттик тобу уурдаган 200дөн ашуун кызды кармалган тарапташтарына алмаштыруу боюнча талап койду. Бул тууралуу 13-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жаңы таратылган видеодо уурдалган 223 кыздын 130у көрсөтүлгөн. Аталган топтун лидери Абубакар Шекаунун айтымында, буга чейин башка динди тутуп келген кыздар исламды кабыл алышкан. Камерага кыздар Курандан үзүндү айтып, экөөсү мурун христиан динин кармап келишкенин айтышса, үчүнчүсү экстремисттер кыздарга жакшы мамиле кылып жатышканын айтышкан. 

Абубакар Шекау ислам динин кармангандарды гана согушчандарга алмаштырарын айтууда. Нигериянын Лагос шаарында кечээ,12-май күнү жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Алар бийликтен 2 аптанын ичинде кыздарды бошотууну талап кылышты. Акцияга катышкан активисттердин бири "Кыздар тирүү кезинде бошотулушу керек. Эки жуманын ичинде талабыбыз аткарылбаса, Кудай өзү кечирсин, биз Чибок шаарында жылаңач бойдон нааразылык акциясын өткөрөбүз" деп билдирген.

Эске салсак, 14-апрелде “Боко харам” экстремисттик тобу тарабынан 276 мектеп окуучусу уурдалган. 53 кыз качууга үлгүргөнү маалым болгон. Буга чейин таратылган видеодо топтун башчысы Абубакар Шекау 223 туткунду кулчулукка сатып, турмушка чыгууга мажбур кыларын айткан. “Боко харам” “Батыштын билими - күнөө" деп которулат.

Нигерия. Экстремисттер уурдалган кыздарды алмаштыруу боюнча талаптарын коюшту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ACAH_AKA
2014-05-14 00:12:38
Аман эсен куткарып алышсында ХХХ колунан
0
admin_portal
2014-05-14 11:09:31
ACAH_AKA - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан