Бишкек: Мамлекеттик тарых музейин жаңылоо иштери 2016-жылдын 1-июлуна чейин бүтөт

Бүгүн, 13-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жана жаңы экспозицияларды даярдоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Сүйлөшүүдө музейди комплекстүү реконструкциялоо иш-аракеттердин алкагында музейди жаңылоо ишин 2016-жылдын 1-июлуна чейин аяктоо долбоору жактырылды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуштаган музейди реконструкциялоо учурунда каржылоо боюнча эки пландын бири тандалып алынды.

Ошондой эле Каржы министрлигине белгиленген иштерди аткарууга республикалык бюджеттен 2014-жылдын экинчи жарымына 140 миллион сом кароо жагы тапшырылды. Оңдоо иштерине байланыштуу музей 2 жылга жабылат. Кененирээк бул жактан окусаңыз болот

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан