Депутат Эгемберди Эрматов Баткен облусунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү
ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов 9-10-11-январда үч күндук иш сапары менен Баткен облусунда иш сапарында жүрөт. Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы маалымдады. Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-январда эл өкүлү Кадамжай районунун Марказ айылдык округунда эл менен жолугушту. Жолугушууда "Элдин көтөргөн маселелери абдан эле көп. Негизгилерин карасак, мамлекет тарабынан берилүүчү насыянын үстөгүн азайтуу, айыл чарба техникасы менен дыйкандарды камсыз кылуу жана жол маселеси" деди Эрматов. Ошондой эле жол көйгөйү тууралуу “жергиликтүү эл, Баткен облусунда Өзбекстанды аралап өтчү Көк-Талаа - Пүлгөн жолу акыркы чыр-чатактан улам жабык. Ал эми айланып өткөн 15 чакырым жолго ушул жылдан баштап асфальт төшөө маселеси көтөрүлүп жатат” - деди эл өкүлү. Депутат эртең, 10-январда Кызыл-Кыя шаарында шаардын жана ошондой эле Ноокат районунун бир катар айылдык округдарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрөт.