Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына ар кандай медициналык тартиптер тууралуу лекцияларды окууга Түркиядагы Афьон Кожатепе атындагы университеттен окутуучулардын жана адистердин делегациясы келди. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Түркиядагы Афьон Кожатепе атындагы университеттин ортосунда адистерди такшалтуу жана студенттерди алмашуу боюнча келишимге кол коюлган.
Түркиядан келген делегация өз кесиптештери менен жолугуп, окуу жайдын клиникалык борборлору жана окутуу базасы менен таанышмакчы.