Ош шаарынын окуучулары “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” деген аталышта кыргыз тили жана адабияты боюнча II республикалык олимпиадада 1-орунду багындырышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган олимпиадага №16-мектептин окуучусу Нурумбетова Элзат, №18-мектептен Эгемберди уулу Арген, №27-мектептен Абдраим кызы Айзирек, №50-мектептен Бакытбек кызы Айсулуу, №52-мектептин окуучулары Рахманбердиев Бекболсун жана Айдаркулов Эрбакан катышкан.
Олимпиаданын жыйынтыгында 1-орунга жетишкен окуучуларга 12 000 сом, 2-орунду багындырган окуучуларга 8 000 сом жана грамоталар, ал эми мектептерге түстүү принтерлер тапшырылды.
Республикалык олимпиадада ийгиликке жетишип келген окуучулар Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана өздөрү окуган мектеп жетекчилиги тарабынан да баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.