Марс Жусупбековду №1-СИЗОдон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына которуудан сот баш тартты

Бишкектеги №1-СИЗОнун мурунку жетекчиси Марс Жусупбековду аталган СИЗОдон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына которуудан сот баш тартты. Муну бүгүн, 13-майда акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев экс-чиновниктин өмүрү коркунучта экенин айтууда. 
"Марс Жусупбековду №1-СИЗОдон УКМКнын тергөө абагына которуу өтүнүчү менен анын жактоочусу К.Жолдошбеков акыйкатчыга кайрылган. Айтымында, анын өмүрүнө коркунуч жаралууда. СИЗОго келгенде абакта отургандар аны күч колдонуу менен коркутушкан",- деп айтылат маалыматта. 
Акыйкатчы аппараты Октябрь райондук сотунун төрагасына расмий кат менен кайрылып, Жусупбековду УКМКнын абагына которуу өтүнүчүн келтирген. Бирок сотто өтүнүчтөн баш тартылганы белгилүү болду. 
Эскерте кетсек, М.Жусупбековду Октябрь райондук соту 4 жылга эркинен ажыраткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан