Бишкекте Энелер күнүнө карата “Эненин саламаттыгы – өлкөнүн бейпилдиги” деген аталыштагы акция өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-майдан 30-майга чейин саат 08:00дөн 17:00гө чейин бардык үй-бүлөлүк медициналык борборлордо айымдар бекер профилактикалык кароодон өтүп жана бардык адистерден тиешелүү кеңеш ала алышат.
Иш-чаранын негизги максаты - оорулардын алдын алып, ден соолукту сактоо жана чыңдоо.