Электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Горький-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Форд Фокус унаасынын кыймылдаткычы күйүп кеткен. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.
Ошондой эле Бишкек шаарындагы Тынчтык проспектинде токтотулган БМВ Х5 үлгүсүндөгү жол тандабас унаасынын кыймылдаткычы күйүп баштап, бирок өрт өчүрүүчүлөр келгенче өчүрүлгөн.