Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында экономикалык форумга катышып жаткан КРнын Тышкы иштер министри
Эрлан Абдылдаев 12-майда Тажикстандын тышкы иштер министри
Сирожиддин Аслов менен жолугушту.
Анда тышкы саясат боюнча мекемелердин башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын алкагындагы актуалдуу маселелерди талкууга алышты. Ошондой эле эки өлкөнүн мамилесин көп багыттуу форматта өнүктүрүү керектигин белгилеп өтүштү. Бул тууралуу 13-майда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.