Жалал-Абадда "Кыргызстан балдардын тынчтыгы үчүн” аттуу фестивалдын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 13-майда Жалал-Абад шаарында "Кыргызстан балдардын тынчтыгы үчүн” аттуу фестивалдын жыйынтыгы чыгарылды. Аталган фестиваль Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Шаардык билим берүү башкармалыгы жана “Ариет” балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган. 
Сынакка шаар ичиндеги мектептерден 266 таланттуу 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары катышышты. Жыйынтыгында ыр жанры боюнча 1-орунду №5-мектебинин 7-классынын окуучусу Рыскелди Сатыбалдиев ээледи. Жеңишке ээ болгон катышуучуларга Ардак грамоталар жана белектер тапшырылды. 
“Ариет” балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси Жыпара Аманкулова: “Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты - окуучулардын бош убактысын максаттуу пайдалануу, улуттар арасында ынтымакты бекемдөө, достукту чыңдоо, жаш таланттарды элге таанытуу, аларга колдоо көрсөтүү”,- деди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан