Бишкекте Мекке шаарынан келген имамдын катышуусунда конференция өтөт

Бишкекте 16-май күнү Мекке шаарынын Аль-Харам мечитинин имамы шейх Махир бин Хамиддин катышуусунда "Ислам - экстремизм менен терроризмге жол бербеген дин" аттуу конференция өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Максат Атабаев билдирди. Айтымында, жыйын Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, ага Кыргызстандын диний, саясий кызматтагы жетекчилери катышат. Махир бин Хамид Кыргызстанга 14-майда келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан