Депутат Бакыт Төрөбаев Нарын облусунда эл менен жолугушуп, жазгы айдап-себүү иштерине жардам бере турганын билдирди
Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаев жана Мирлан Бакиров Нарын облусунун Ак-Талаа районунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Эл өкүлдөрү Тоголок Молдо айыл аймагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын суроо-талаптарын угушту. Техникалардын эскилиги жетип, толук кандуу иштей албай жатканын айтышкан аталган айылынын жашоочулары лизинге берилчү техникалардын төлөө мөөнөтүн узартып берүү жагын чечип берсеңер жакшы болот эле деген ойлорун билдиришти. Ошондой эле жер семирткичтин жетишсиздиги, таза суу, үрөн маселеси жана айыл өкмөтүндө иштегендердин айлык маянасынын аздыгы өңдүү бир катар орчундуу делген маселелерди көтөрүштү.Ал эми Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулубаев мал ылаңы күчөп жатканда райондо ветеринарлар жетишпей жатканын айтып, эл өкүлдөрүнөн ветеринарлардын санын көбөйтүү жагын карап берүүнү суранды. Өз учурунда Бакыт Төрөбаев ветеринарлардын жетишпей жатканы жалпы республикада оор боюнча калып жатканын айтып, өкмөттүн жаңы түзүмүндө аталган маселе оң жагына чечилерин белгиледи. Ошондой эле айдап-себүү иштеринде үрөн, техника жагынан көмөктөшө турганын билдирди.