Жалал-Абад шаарында жайгашкан кафе-ресторандардын иштөө абалын, каттоо режимин текшерүү максатында атайын комиссия тобу түзүлүп, текшерүү учурунда 6 ашканага акт түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 161 тамактануу жайы иштейт. Алардын 30у кафе-ресторандар. Текшерүүгө алынган кафе-ресторандардын айрымдарынын кызматкерлеринин санитардык китепчеси жок же болбосо каттоодон өтүшкөн эместиги аныкталды.
“Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан рейддин негизги максаты - шаар ичиндеги кафе-ресторандарды тартипке келтирүү, тамак-аштардын тазалыгын карап, элдин коопсуздугун сактоо”,- деди комиссиянын мүчөсү С.Умаров.
Аталган иш-чара шаардык мэриянын буйругунун негизинде шаарда коомдук коопсуздукту сактоо максатында өтүүдө. Атайын түзүлгөн комиссиянын курамында Жалал-Абад шаарынын 1-вице мэри Т.Чойбеков, мэриянын тийиштүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, салык кызматкерлери, санитардык кызматкерлер, участкалык милиция кызматкерлери болушту.