УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Баткен облусунда аткезчилик жол менен Өзбекстан мамлекетинен Кыргызстанга алынып келген жер семирткичтер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Баткен облусунун Боз-Адыр айылындагы жеке менчик үйлөрдүн биринен 19,5 тонна карбамид минералдык заты табылган. Бул жер семирткичти Кыргызстандын К.Н. аттуу жараны бажы көзөмөлүнөн жашырып, Өзбекстандан Кыргызстанга алып кирген. Жыйынтыгында 200 850 сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин “аткезчилик” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.