Москва районунда “чоң көлөмдөгү баңгизатын сактап жүргөн” деп шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 11-май күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Беловодск айылынан 45 жаштагы тургун кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө андан 6 килограмм 160 грамм марихуана алынган. Учурда “башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.