7-май күнү Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалында жаракат алгандар ооруканадан чыгарыла баштады. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, 7-май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 30га жакын адам жаракат алып, анын ичинен 9у ооруканага жаткырылган. “Азыркы учурда Баткен облустук ооруканасында 5 жабырлануучу жатат” деп белгилейт министрликтен. |