Кыргызстанга көгүлтүр от Казакстан менен Өзбекстандан жаңы келишимдин негизинде келе баштады. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда “Кыргызгаз” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Убада кылгандай “Кыргызгаз” Казакстандан 300 миллион кубометр, ал эми Өзбекстандан 100 миллион кубометр жаратылыш газын алуу боюнча келишим түздү. Учурда Казакстандан 1000 кубометрин 224 доллардан, Өзбекстандан ошол эле өлчөмдү 290 доллардан сатып алынууда. Январь айына карата жаратылыш газы үчүн баа эски тарифтин негизинде Кыргызстандын түндүгүндө 14,75 сом, түштүгүндө 14,75 сом болду.