Исанов көчөсүндө 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 13-майда Бишкектеги Исанов жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишинде 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу адегенде маршруттук таксиден качкан. Бирок арткы бөлүгү менен маршруттук такси менен кагылышып, кийин жол жээгинде токтоп турган Гольф 4 унаасын сүзгөн. Катуу соккудан Гольф 4 унаасы жол жээгине чыгып, алдында токтоп турган Хонда Фит унаасынын арткы бөлүгүнө урулган. Мерседес-Бенц унаасындагы жүргүнчүнү "Тез жардам" алып кеткени белгилүү болду. МАИ кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
adanov
2014-05-13 17:23:00
Ушул маршрут айдагандар тойгозду го жолдо баратсан кысып эле чыга калышат алардан жанында айдап кетуу да адамга коркунуч жаратат
0
Akshumkar
2014-05-13 17:32:44
ооо супер инфонун кайырмагына тушкон турбайбы
0
Doctor
2014-05-13 22:32:14
Оштогу тиколордон айырмасы жок болуп калышты го...
-2
aikol87
2014-05-13 22:48:43
Дагы жакшы адам омурун алып кетпептир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан