Ошто тергөө абагында отурган күйөөсүнө баңгизатын берүүгө аракет кылган айым кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.
Маалыматка караганда, М.С. аттуу айым күйөөсүнө салмагы 2,48 грамм болгон героинди берүүгө аракет кылган. Ал аны №5-тергөө абагынын жолугушчу жеринен берүүгө ниеттенген. Учурда кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.