Бишкекте электр жарыгын мыйзамсыз колдонгон 4 үйдүн жарыгы өчүрүлдү

9-январда Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан 4 үйдүн электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКнын басма сөз кызматынын жеткечиси Гүлнара Мураталиева билдирди.

Аталган үйлөр 3 фазалык эсептегичке жана электр желелерине уруксатсыз кошулуп алгандыгы белгилүү болду. “Бир жыл ичинде Малдыбаев көчөсүндөгү №26-д үйү 272 миң сом, №12-үй 409 миң сом, номери катталбаган бирок Садырбаевге тиешелүү үй 31 миң сом жана М.Сариевге тиешелүү үй 272 миң сомдун тегерегинде электр жарыгын колдонгон”,- дейт аталган басма сөз кызматынын жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан