“Ата Мекендин” депутаттары аймактарда шайлоочулар менен жолугушууда

Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарда шайлоочулар менен жолугушууну улантышууда. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматов 10-майда Жалал-Абад облусундагы Сузак айылында шайлоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий абал, аймактарды өнүктүрүү жана Сузак айылына тиешелүү көйгөйлөр талкууга алынды. Депутат 11-майда Өзгөн районунун тургундарынын көйгөйүн укту.  

Депутат Жоомарт Сапарбаев 15-16-май күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолугушуу өткөрүүнү пландап жатканын бүгүн, 13-майда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Ал эми депутаттар Болот Шер Талас облусунун, Ширин Айтматова Чүй облусунун тургундары менен жолугушса, эл өкүлү Акуналы Досалиев 13-15-май күндөрү Ала-Бука жана Чаткал райондорунун жашоочулары менен, депутат Райкан Төлөгөнов 15-18-май күндөрү Аксы районунун тургундары менен кезигишмекчи. 

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев 4-майдан 11-майга чейин Түркияда иш сапары менен болуп кайтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан