Израилдин мурдагы өкмөт башчысы Эхуд Ольмерт 6 жылга эркинен ажырады

Бүгүн, 13-майда Тель-Авив соту Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Ольмертти "пара алды" деген айып менен 6 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.  

Чет элдик ММКлардын берген маалыматтарына караганда, 62 жаштагы Ольмерт турак жай куруу комплекстеринен 144 миң доллар өлчөмүндө пара алса, дагы башка 17 миң долларлык пара алганы айтылды. Ал эми сот күнөөсүн 2014-жылдын 31-мартында далилдеген. 

Эскерте кетсек, Эхуд Ольмерт 2008-жылдан 2012-жылга чейин премьер-министр кызматын аркалаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан