Маалыматка ылайык, 2014-жылдын апрель айында калктын төлөм чогулуму 108,5 пайызга аткарылды. Өнөр жай объектилеринен 113,8 пайыз, бюджеттик мекемелерден 99,8 пайыз, айыл чарба объекттеринен 106,1 пайыз чогултулду.
Андан башка пайдалануучулардын коюлган суммадагы чогулуму 107 пайызды түздү.
"Түндүк электр" ачык акционердик коому тейлеген аймактар төлөм чогулуму апрель айына төмөндөгүдөй: борбордо - 104,5 пайыз, Чүй облусунда - 112,1 пайыз, Талас облусунда - 102,9 пайыз.