Чүй облусунун Жайыл районунун тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Пётр Нестеровго Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан акчалай колдоо көрсөтүлдү
ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, П.Нестеров менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева, депутаттар Наталья Никитенко жана Алла Измалкова бүгүн, 13-майда жолугушту.
Депутаттар согуш ардагерин Улуу Жеңиштин 69 жылдыгы менен куттуктап, ага бакубат турмуш, бактылуу карылык каалашты.
Эске салсак, 2014-жылдын башында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Жайыл районунун жашоочулары менен жолугушкан учурунда 93 жаштагы согуш ардагери П.Нестеров жардам сураган эле.