Сузак районунда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалып, үйлөрү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 2014-жылдын 12-май күнү Сузак районундагы Жаңы-Чек участкасындагы 1968-жылы туулган Абдуллаев Минхажидиндин үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда 1 даана ноутбук, 1 даана флеш-карта, 49 даана DVD диск табылган. 

Ошондой эле Сузак районунун Арал айылынын тургуну, 1967-жылы туулган Мажитов Шамшиддин үйүнө тинтүү жүргүзгөндө 9 даана китеп, 3 даана дептер, 8 даана DVD диск, 3 даана уюлдук телефон алынды.

Азыркы убакта бул алынган далил буюмдар экспертизага жиберилип, кармалган жарандардын үстүнөн алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aisulushka_muslima
2014-05-13 19:38:35
Китепте жаман нерсе,тескери угуттоо болсо гезитке чыгарышса болмок ошол жерин. Дискте эмне бар болсо корсотушсо болмок.
-1
ACAH_AKA
2014-05-14 00:10:34
Сурап баш оорутпай эле дым дым кылыш керек бироо болсо да дин эл душманы азайганы эсеп.
0
primer-dent
2014-05-14 09:03:16
Камап ошондон нары кетчу жерине жиберип кою керек мындайларды.Болбосо чыгып келип хап сениби шашпай тур деп дагы баштайт.
0
92nuraaly
2014-05-14 09:37:27
Кармашып эле жатышат,кийин кандай чара корулуп эмне болгонун да айтып койсонор.
Мындайларды жок кылыш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан