Депутат Исмаил Исаков аскер кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүүдө
Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Бишкек жана Балыкчы гарнизондорунун аскер бирикмелери менен бөлүктөрүнүн жеке курамы, аскер комиссариаттарынын жамааттары менен жолугушууларды өткөрүп, алардын үй-бүлөлөрүнүн турмуш абалы менен таанышууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда көптөгөн маселелер көтөрүлүп, жыйынтыгында депутат тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге аскер кызматкерлеринин күндөлүк турмушунда болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди чечүү багытындагы чаралар көрүлө тургандыгын билдирди. Депутат мындан сырткары Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин КРнын мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун курамында да бир катар иш-чараларды алпарууда.