Окумуштуулар дүйнөлүк океандын деңгээли 4,5 метрге жогорулашын айтышууда

Америкадагы Космос мейкиндигин изилдөөчү улуттук башкармалыктын жана Калифорния университетинин окумуштуулары Батыш Антарктидадагы муздардын эришинен улам дүйнөлүк океандын деңгээли 4,5 метрге жогорулашын айтышууда. Алар мындай чечимге Батыш Антарктиданын Амундсен деңизинин аймагын 40 жыл изилдегенден кийин келишкен. 
Адистердин айтымында, муздардын эриши күтүлгөн убакыттан эрте башталган жана аны токтотууга мүмкүн эмес. Бул процесс жүздөгөн жылдар аралыгында улана берет. Болжолдонгон убакыттан тез эрип жаткандыктан, алдыдагы 10 жылдын ичинде океандын деңгээли жогорулайт деген пикирлер айтылууда. 
Батыш Антарктидадагы муздун эришинин тездешине глобалдык жылуулук жана озон катмарынын бузулушу себеп болууда. Мындан улам Антарктидадагы шамалдын багыты өзгөрүлүп, аталган аймактагы абанын температурасынын жогорулашына шарт түзүүдө. Изилдөөчүлөр учактан жана космостон байкоо жүргүзүшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы "Географиялык изилдөөлөр боюнча жазма" (Geophysical Research Letters) баракчасына жана Калифорния университетинин расмий сайтына жайгаштырылган. Бул тууралуу 13-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jazz007
2014-05-14 10:06:17
Кудай сактасын!
+3
kamyr26
2014-05-14 10:17:51
Кыйамат кайын болордо жер жузун топон суу каптайт деп уктум эле жакындап келатат окшойт байкашымча.
-8
saltanat.
2014-05-14 10:27:38
Глобальное потепление болот деп илгери эле айтып келишкен. Европа суу астында калат. Кыргыздар өлбөйбүз коркпагула, анткени деңиз деңгээлинен өтө бийикте турабыз.)))
+8
bazar
2014-05-14 10:37:26
Кайдан олбойбуз?.. Европадан качып келген байларга жерди сатып биздин чондор бизди (кыргыздарды) кубалап чыгат.
+5
Kara_kyrgyz
2014-05-14 11:02:05
bazar, туура айтасын! алакандай кыргыз ынтымак болбосок колго киргенди эле сата берсек, озубуздун жерге да ээ боло албай калабыз!
+3
yasmina_kg
2014-05-14 17:56:42
Кууп чыгышпайт,акча учун жон эле жок кылышат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан