Украинадагы "Донецк" жана "Луганск Элдик Республикалары" 11-майда көз карандысыз аймак катары өткөн референдумдун жыйынтыгынын негизинде биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Муну “Донецк Элдик Республикасынын” убактылуу өкмөтүнүн басма сөз кызматы чет элдик маалымат булактарына билдирди.
“Кечээ эки республика биригүү демилгеси боюнча билдирүү жасаган. Алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүшү керек. Бирок аны жетекчилер чечет”,- деп билдирет басма сөз кызматкери.
Буга чейин “Донецк Элдик Республикасынын" лидерлеринин бири Денис Пушилин аталган республиканы Орусиянын курамына кошуп алуу сунушу боюнча Орусия бийлигине кайрылуу жасаган эле.