Маалыматка ылайык, көрүүчүлөр үчүн жаңы нерсе катары “Раритет багет” көргөзмөсү тартууланып, ошондой эле кум графикасы менен мультимедиялык тамаша кечени көркүнө чыгармакчы.
Ачык эшик учурунда интерактивдүү экскурсиялар жүрүп, иш-чарага келген конокторго белгилүү сүрөтчү, скульпторлор мастер-класстарды өткөрүшөт.
Ошондой эле аткаруучулук чеберчилик, чечендик өнөр боюнча машыгуулар өткөрүлүп, сынактар уюштурулары пландалууда.