Бүгүн электр тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу Чүйдүн айрым жерлеринде жарык өчөт

Чүй облусундагы электр тармактарындагы профилактикалык иштерге байланыштуу 14-майда саат 09:00дөн  саат 17:00гө чейин Гагарин, Бах, Матыев көчөлөрүндө, Лазурный кичи көчөсүндө, Кирпичная көчөсүндө электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөт.
 
Ошондой эле Карагач багында, ЧЧК, Осмонкул көчөлөрүндө, Школьная кичи көчөсүндө, Токтогул көчөсүндөгү № 230 көп кабаттуу үйдө, 8-кичи райондогу №1/2 көп кабаттуу үйдө, Ак-Өргөө конушунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
 

Ал эми саат 09:00дөн саат 14:00гө чейин Ынтымак конушунда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Константиновка, Луговое айылдарында, Жайыл районундагы Моңолдор, Степное айылында, 14-15-майда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Москва районундагы Беш-Терек айылында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан