Казакстан Батыштын Орусияга каршы күчөтүлгөн санкцияларына тынчсызданууда. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Кайрат Келимбетов 13-майда чет элдик журналисттерге билдирген.
Анын айтымында, Орусия Казакстан менен соода-сатыкта чоң өнөктөштөрдүн бири.
“Казакстандагы товарлардын 36 пайызы Орусияныкы. Ал эми Казакстандын товарларынын 7 пайызы Орусиянын базарларына барат. Биз бул чоң капиталдын жоголуп баратканын байкап жатабыз. Ушул жылы Орусиянын экономикалык өсүү темпи төмөн көрсөткүчтү түзүү коркунучунда турат. Албетте, бул биз үчүн жакшы кабар эмес”,- деди Келимбетов.