Маалыматка ылайык, тактикалык окуу ӨКМнын Сактоочуларды даярдоо мамлекеттик борборунун машыгуу майданында өтөт. Учурда иш-чарага даярдык иштери кызуу жүрүүдө.
Машыгуунун негизги темасы “КРнын жана Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын күч ведомстволорунун өз ара аракетинин чегинде издөө-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди өткөрүү жана уюштуруу” болуп саналат.
Жалпысынан тактикалык машыгууга ӨКМнын сактоо бөлүмүнүн өкүлдөрү, Монтана штатынын Улуттук гвардиясы, Кыргызстандын Коргоо министрлиги, ИИМдин ички аскерлери, КРнын Улуттук гвардиясы жана Мамлекеттик чек ара кызматы катышат.