Өлкө башчы 2012-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү боюнча мыйзамга кол койду

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-мартында кабыл алынган.

Ага ылайык, КРнын 2012-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 77 601 053,0 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 97 836 659,6 миң сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 20 235 606,6 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу 13-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан