Ош технологиялык университетинде региондук студенттердин предметтик олимпиадасы өтөт

17-майда Ош технологиялык университетинде региондук студенттердин предметтик олимпиадасы өтөт. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Аны окуу жайдын илим бөлүмү уюштурууда. Белгилүү болгондой, ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жогорку окуу жайларында билим алышкан студенттер катышмакчы. Студенттик олимпиада 34 предмет боюнча өткөрүлөт.

Бүгүнкү күндө 800гө жакын студент олимпиадага катышуу ниетин билдирип, катталышкан. Ал эми аталган олимпиадага катышууну каалагандар бүгүн, 14-майда каттала алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
subfield
2014-05-14 09:17:23
Жакшы демилге, бирок студенттердин, мугалимдердин билими талапка жооп береби? Кеп ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан