Электр энергияны үнөмдөө максатында өчүрүлгөн Бишкектин көчөлөрүндөгү жарыктандыруу иштери калыбына келтирилет

Бишкектин көчөлөрүн жарыктандыруу иштери бүгүн, 9-январда калыбына келтирилет. Бул тууралуу "Бишкексвет" ишканасы билдирет. Белгилүү болгондой, 2012-жылдын 28-декабрында Энергетика жана өнөр жай министринин буйругу менен шаар көчөлөрүндөгү жарыктарга чектөө киргизилген. Ал чектөөгө ылайык, Бишкекте 4 гана көчөдө түнкүсүн жарык берүүчү лампалар иштеп, калгандары өчүрүлүп турган. "Бишкексвет" кечээ 8-январдан баштап көчөлөрдү жарыктандыруу иштерин ордуна келтирүүнү баштап, бүгүн аяктай турганын билдирет.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан