13-майда Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзада менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн негизги темасы чек арага байланышкан көйгөйлөр болду. Маматалиев чек ара коопсуздугун бекемдөө үчүн кыргыз өкмөтү көрүп жаткан чаралар боюнча маалымат берди. "Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттик кырдаалды болтурбоо үчүн өкмөттүк, министрлик жана аймактык деңгээлде конструктивдүү сүйлөшүү жүргүзүүгө жана эки тарапка тең пайдалуу болгудай кызматташууну көздөйт",- дейт Маматалиев.
Расулзада Тажикстандын өкмөтү чек ара жаңжалдарынын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи. "Кыргыз-тажик эли кылымдар бою бирге, ынтымакта жашап келген. Турмуш-тиричиликтик көйгөйлөр конфликт жаратуусуна жол берилбеши керек",- дейт тажик премьери. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.