Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 13-майда Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Ибрахим менен жолугушту. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгы, чек ара маселеси талкууга алынды. Маматалиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун Бишкекте өткөрүү зарылдыгын белгиледи. "Соода-экономикалык кызматташтык боордош элдердин өз ара түшүнүшүүсүн жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзүшү керек",- дейт Маматалиев.
Азим Ибрахим тажик тарап кызматташтыкты коңшу өлкө катары эки тарапка тең пайдалуу шартта улантууга кызыкдар экенин билдирди.