Түркиядагы шахтада болгон жарылуудан 150дөн ашык адам каза тапты

Кечээ, 13-майда Түркиянын батышында жайгашкан шахтада жарылуу катталып, 151 адамдын өмүрүн алып кетти. Жаракат алган 76 адам ооруканага жаткырылды. Бийликтегилер каза тапкандардын санынын өсүшү мүмкүн экендигин айтышууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, учурда куткаруу иштери уланууда. Жарылуу орун алган учурда жер астында 787 адам болгондугу айтылууда. Кырсык болгон учурда көпчүлүк кызматкерлер шахтадан чыгып кете алышкан эмес. Анткени электр жарыгы өчүп, сыртка көтөрүп чыгаруучу жабдык иштебей калган. Учурда жер астында калгандар ууланып калбаш үчүн шахтага кислород берилүүдө жана кырсыктын келип чыгышы аныкталууда. 

Белгилей кетсек, мындай ири кырсык 1992-жылы Түркиянын Зонгулдак провинциясында катталган. Анда 263 адам каза болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aitowa11
2014-05-14 09:17:59
Кудай сактасын тообаа. Шахтыда иштеш озу опасный да. Жарылуу эмнеден улам чыгыптыр
0
92nuraaly
2014-05-14 09:18:55
Окунучтуу, жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
gul75nur
2014-05-14 11:50:23
Азыр олуу саны 200дон ашты аябай окунучтуу
0
kamyr26
2014-05-14 12:07:11
Жандары жаннатта болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан