Германияда уурдалып, Орусияда катталган унаа Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 13-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында БМВ Х-6 унаасы токтотулган. Ошол учурда аны Орусиянын жараны башкарып жүргөн. Унаанын документтери текшерүүгө алынганда, жасалма болуп чыккан. Иликтөөнүн жүрүшүндө унаа 2013-жылдын декабрь айында Германиянын өтүнүчү менен издөөгө алынып, Орусияда катталганы белгилүү болгон. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, ИИМдин Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.