Футбол боюнча Испания курама командасы Дүйнө чемпиондугуна аттанчу футболчулардын тизмесин жарыялады 

Учурдагы Дүйнө чемпиону Испания курама командасы чемпиондук наамын сактап калуу үчүн аракет көрөт. Курама команданын башкы машыктыруучусу Висенте дель Боске күчтүү футболчулардын башын бириктирип, Бразилияга бара турган курамды жарыялады. Бул тууралуу 12-майда чет элдик маалымат булактары кабарлады. Бекитилген курамга “Реалдын” жарым коргоочусу Иско кирбей калганын испаниялык басылмалар катуу талкуулап жатышат.

Курам төмөнкүчө:

Дарбазачылар: Икер Касильяс (“Реал”, Испания), Хосе Рейна (“Наполи”, Италия), Давид де Хеа (“Манчестер Юнайтед”, Англия).

Коргоочулар: Серхио Рамос (“Реал”, Испания), Жерар Пике (“Барселона”, Испания), Рауль Альбиоль (“Наполи”, Италия), Хави Мартинес (“Бавария”, Германия), Жорди Альба (“Барселона”, Испания), Сесар Аспиликуэта (“Челси”, Англия), Дани Карвахаль (“Реал”, Испания), Альберто Морено (“Севилья”, Испания), Хуанфран (“Атлетико”, Испания).

Жарым коргоочулар: Хави (“Барселона”, Испания), Хаби Алонсо (“Реал”, Испания), Андрес Иньеста (“Барселона”, Испания), Коке (“Атлетико”, Испания), Сержи Бускетс (“Барселона”, Испания), Санти Касорла (“Арсенал”, Англия), Андер Итурраспе (“Атлетик”, Испания), Сеск Фабрегас (“Барселона”, Испания), Тиаго Алькантара (“Бавария”, Германия), Хуан Мата (“Манчестер Юнайтед”, Англия), Давид Сильва (“Манчестер Сити”, Англия).

Чабуулчулар: Педро (“Барселона”, Испания), Хесус Навас (“Манчестер Сити”, Англия), Диего Коста (“Атлетико”, Испания), Давид Вилья (“Атлетико”, Испания), Фернандо Торрес (“Челси”, Англия), Альваро Негредо (“Манчестер Сити”, Англия), Фернандо Льоренте (“Ювентус”, Италия).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
lotte
2014-05-14 10:39:55
Тизмеге 23 гана оюнчу кире алат. Менимче Рауль Альбиоль, Альберто Морено, Андер Итурраспе, Санти Касорла, Тьяго Алькантара, Альваро Негредо, Фернандо Льоренте тизменин сыртында калышат.
0
ali.95
2014-05-14 18:52:37
Тьяго Алькантара калат э, азыр хаби 90 минут ойной албаса керек.
0
nursultan1
2014-05-15 11:22:09
тореста сыртта калуусу мумкун бирок легендага айланган торестин испанияга пайдасы гана тиерине ишенем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан